Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 2

Лаглан суу каналынын “Эшме сел сайы” менен Ак-Буура дарыясына чектешкен жерге Гидро-Электр Юг ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 300 КВТ мини  ГЭСти  курууга уруксат берүү жөнүндө

Гидро –Электр Юг ЖЧК нын 2021-жылдын 22-июлда  № 5 сандуу катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын  ”Жер Кодексинин 92 беренесине таянып Папан айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Андагул айылынан өткөн  Лаглан суу каналынын шме сел сайы” менен Ак-Буура дарыясына чектешкен жерге Гидро-Электр Юг ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 300 КВТ  мини  ГЭСти  курууга уруксат берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго  милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Т.Тагаев