Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

 

2021-жылдын 27-декабры № 5/5

Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырын алмаштырууга өздүк салымга Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырын алмаштыруу багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд долбоору жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырын алмаштырууга өздүк салымга Чалма айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын  бюджетинен 445 000(төрт жуз кырк беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токбай-Талаа айылындагы Мамыт Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин чатырын алмаштыруу багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд долбоорун колдоп берүү жагы   Кара-Кулжа районунун түрткү берүүчү (үлүштүк) гранд боюнча комиссиясына сунушталсын

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы  Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго тапшырылсын.

 

Чалма айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Кадыркулов