Редакцияот 03.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы 

2021-жылдын 03-декабры № 7/1

Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы кичи футболдук аянтчасына наам берүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевдин баяндамасы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү минитрлигинин мыктысы Абдышейшеев Аманбектин ысымын кичи футболдук аянтчага ыйгарууну А.Табалдиев орто мектебинин жалпы жамаатынын 2021-жылдын 11-ноябрындагы №344 сунуштама катынын негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин аянтында жайгашкан жаңы кичи футболдук аянтчага «Абдышейшеев Аманбек атындагы кичи футбол аянтчасы» деп аталсын.
  2. Абдышейшеев Аманбек атындагы кичи футбол аянтчасынын айланасын оңдоп түзөө жагы А.Абдышейшеевдин үй-бүлөөсүнүн ыктыярдуу демөөрчүлүгү менен ишке ашырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.

 

Төрага:

М.Турганалиев