Редакцияот 23.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы

2021-жылдын 23-декабры № 9/1

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грант аркылуу кичи футболдук аянтчага өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына кичи футболдук аянча мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грантка көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын IX кезексиз сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына кичи футболдук аянча куруу үчүн мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү гранттын жалпы суммасынын 40% (1 153 252 сом) өздүк салым акча каражаты каралсын;

2. Керектелүүчү өздүк салым акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин;

     3111-   1 153 252 сом (бир миллион бир жүз элүү үч миң эки жүз элүү эки сом)

3. Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча бекитип берүү жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткаруу ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.

 

Төрага:

М.Турганалиев