Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 9-1

Бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн көтөрүү жөнүндө

Ат-Башы айылынын А. Курманалиев атындагы №2 бала бакчасынын директору Т. Асаналиеванын, К. Тыналиев атындагы №1 бала бакчасынын директору Ж. Сөпөтаеванын, “Асылзат-Зирек” бала бакчасынын директору А. Үсөновалардын ата-энелер тарабынан тамак-ашка төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн көтөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуу катынын негизинде берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, өлкө ичинде азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттап жаткандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылынын бала бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмү 2022-жылдын 1-январынан баштап 600 (алты жүз) сом болуп бекитилсин;

2. Ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Ат-Башы айылынын бала бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.

 

Төрага:

Н. Жаныгулова