Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 9-3

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына тапшырылуучу долбоор жөнүндө

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн (спорт залдын эшик-терезесин, жылытуу системасын алмаштыруу, ашкананын эшик-терезесин алмаштыруу) Кыргыз Республикасынын дем берүүчү грантына тапшырылган долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөттүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбектин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата  бюджетинин эсебинен өздүк салым катары  601 800 (алты жүз бир миң сегиз жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси  Р. Асанкул уулуна  милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Н. Жаныгулова