Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 9-5

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы жана Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектептеринин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн техникалык көзөмөл (технадзор) кызматына акча-каражатын бөлүү жөнүндө

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүүдө (спорт залдын эшик-терезесин, жылытуу системасын алмаштыруу, ашкананын эшик-терезесин алмаштыруу) жана Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин түндүк тарабындагы чатырын чатырлоодо обьектте аткарылган иштердин талаптагыдай деңгээлде жүргүзүү үчүн техникалык көзөмөлдү камсыздоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү (спорт залдын эшик-терезесин, жылытуу системасын алмаштыруу, ашкананын эшик-терезесин алмаштыруу) жана Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин түндүк тарабындагы чатырын чатырлоо үчүн иштин сапатын көзөмөлдөөчү техникалык көзөмөлдүн (технадзор) адистерине Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин эсебинен 100 000 (бир жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р. Асанкул уулуна милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Н. Жаныгулова