Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 9-7

Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча  жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндөгү айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын маалыматынын негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндөгү айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын берген маалыматы эске алынсын.

 

Төрага:

Н. Жаныгулова