Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 9-9

Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук автоунаанын жол кире акысын көтөрүү жөнүндө

Күйүүчү майга болгон баанын жогорулашына жана авто тетиктеринин кымбатташына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 1-январынан  баштап  Ат-Башы айылынын жүргүнчүлөрүн  ташуучу коомдук автоунаалардын жол кире акысы бир жүргүнчүгө 15 (он беш) сом, ошондой эле окуу мезгилинде жана окуудан сырткаркы убакта мектеп окуучуларына 10 (он) сом өлчөмүндө бекитилсин;

2. Ат-Башы айылындагы маршруттук каттамды бекитилген график боюнча өз убагында жана үзгүлтүксүз тейлөө жагы “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э. Осмоновго милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  К. Жапаровго тапшырылсын.

 

Төрага:

Н. Жаныгулова