Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 9-10

Ат-Башы айылынын ички жолдорун асфальттоого сунуш берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айылдарды өнүктүрүү максатында райондун борборуна ар жыл сайын 3 км жолдорду асфальттоо жөнүндөгү тапшырмасына жана Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин сунушуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айылдарды өнүктүрүү максатында райондун борборуна ар жыл сайын 3 км жолдорду асфальттоо иштери ишке ашып калса Ат-Башы айылынын төмөндөгү ички жолдору асфальттоого Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын:

1) М. Өмүракунов көчөсүнүн чыгыш тарабы (“Кошой” стадионуна барчу жол);

Туура (кыска) көчөлөр:

2) Т. Жумабеков атындагы көчөсү (М. Өмүракунов менен Чеч-Дөбө көчөлөрүнүн ортосу);

3) М. Жунусов атындагы көчөсү (С Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);

4) И. Айылчиев атындагы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);

5) К. Тыналиев атындагы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);

6) Ат-Башы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);

7) Жеңиштин 40 жылдыгы көчөсү (А. Иманбердиев менен М. Өмүракунов атындагы көчөлөрдүн ортосу);

8) К. Сатыбеков атындагы көчөсү (Ат-Башы көчөсүнөн баштап М. Жунусов көчөсүнө чейин);

2. Жогорудагы аты аталган көчөлөрдүн узундугун ченеп жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунуш-кат даярдап жөнөтүү жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин   курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  И. Мелисовго жана айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевдерге милдеттендирилсин;  

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы               А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Н. Жаныгулова