Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VII чакырылыштын VII сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 7/1

Алыскы жайыт болгон Ак-Сай өрөөнүндөгү “Минтеке” участкасына 17377,22 га жер аянтына жез кенине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык  Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ОсОО “Евразия Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомдун кайрылуусу боюнча Алыскы жайыт болгон Ак-Сай өрөөнүндөгү Ак-Муз айыл өкмөтүнө караштуу “Минтеке” участогунан 17377,22 га жер аянтына жез кенине №6509 АП сандуу лицензиясын алгандыгына байланыштуу геологиялык изилдөө иштерин жүрүзүүгө 1(бир) жылдык мөөнөткө уруксат берилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз  Республикасынын Ченемдик укуктук   актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы  Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

Адистен уулу К