Редакцияот 20.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын I сессиясы

2021-жылдын 20-майы № 1

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги I сессиясынын №1 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айылдык кеңешинин төрагасы болуп Эчки-Башы айылынын тургуну  Касымалиев Айтбек Төрөгелдиевич дайындалсын.

2. Он-Арча айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Эчки-Башы айылынын тургуну Беккулова Оксана Садыгуловна дайындалсын.

3. Он-Арча айылдык кеңешинин туруктуу комисияларынын мүчөлөрү төмөнкү курамда дайындалсын:

1. Депутаттык иш, регламент, мандат, этика, өзүн өзү башкаруу комиссиясына:

- Байгазиева Мыскал-төрайымы;

-Курманбеков Жакшылык-мүчөсү;

-Оморов Белек-мүчөсү.

2. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш, жаштар жана спорт, тышкы экономикалык байланыш комиссиясына:

-Касымалиев Алмирбек-төрагасы;

-Касымбеков Кайырбек-мүчөсү;

-Айтбек уулу Эрлан-мүчөсү.

3. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун сактоо, транспорт, архитектура, жер маселеси, курулуш жана экология боюнча комиссиясына:

-Токталиева Дамира-төрайымы;

-Рысбек уулу Камчыбек-мүчөсү;

-Бополоңова Төлөбүбү-мүчөсү.

4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Кеңештин убактылуу төрайымы:

М. Байгазиева