Редакцияот 15.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын II сессиясы

2021-жылдын 15-июну № 2/6

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 31.05.2021-жылдагы №30/05 сандуу протоколунун чечимин кароо жөнүндө

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 31.05.2021-жылдагы №30/05 сандуу протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тартиптик чара көрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №2/6 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кадыров эскертилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  Он-Арча айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары  О. Беккуловага тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы

А. Касымалиев