Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы

2021-жылдын 13-октябры № 4/1

Жарнамалык такта орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын киреберишиндеги жол боюна жарнамалык такта орнотуу үчүн акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын киреберишиндеги жол боюна жарнамалык такта орнотуу үчүн бюджеттен 80 (сексен) миң 770 сом акча каражаты бөлүнсүн.

3. Жарнамалык такталар орнотулуучу жерлерди аныктап берүү жагы жер, турак-жай жана коммуналдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси С.Дүйшеевага жана жайыт комитетинин башчысы С. Болот уулуна милдеттендирилсин.

4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Кеңештин төрагасы

А. Касымалиев