Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы

2021-жылдын 13-октябры № 4/3

Карылар күнүнө карата 70 жаштан жогорку жарандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын 70 жаштан жогорку жарандарын медициналык кароодон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оттук жана Эчки-Башы айылдарында жашаган 70 жаштан жогорку жарандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн бюджеттен 120 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын 70 жаштан жогорку жарандарынын тизмесин тактап,  медициналык кароого даярдоо жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн социалдык адиси К.Төлөгөновага милдеттендирилсин.

3. Кары адамдарды медициналык кароо өткөрүлүүчү жайга ташып келүү жагы аскерге каттоо столунун инспектору Ж. Туйбаевге жана экономика-статистика боюнча башкы адиси Д.Кубанычбековго милдеттендирилсин.

4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Кеңештин төрагасы

А. Касымалиев