Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы

2021-жылдын 13-октябры № 4/4

Эчки-Башы айылынын тургуну Т.Усубалиевдин арызы боюнча жер комиссиясынын чечимин бекитип берүү жөнүндө

Эчки-Башы айылынын тургуну Усубалиев Таалайбектин жер комиссиясына кайрылган арызы канаатандырылгандыктан, жер комиссиясынын чечимин бекитип берүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эчки-Башы айылынын тургуну Усубалиев Таалайбектин жер комиссиясына кайрылган арызы канаатандырылгандыктан, жер комиссиясынын чечими бекитилсин.

2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев