Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы

2021-жылдын 13-октябры № 4/6

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн ремонтуна кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн имаратынын ичиндеги  ремонтуна  кошумча  акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн имаратынын ремонтуна  бюджеттен кошумча 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев