Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы

2021-жылдын 13-октябры № 4/9

“Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү жөнүндө

Он-Арча айыл аймагынын “Ак-Мойнок” участкасындагы май куйуучу жайды иштетип жаткан “Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишим бир тараптуу жокко чыгарылып, кайрадан келишим түзүлсүн.

2. Мурда түзүлгөн келишимдердин документтерин  карап чыгып, Он-Арча айыл өкмөтүнө пайда келтирүүчү келишим түзүү жагы ФЭБ башчысы М.Маанаевага жана жер, турак-жай жана коммуникация боюнча жетектөөчү адиси С.Дүйшеевага милдеттендирилсин.

3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев