Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы

2021-жылдын 13-октябры № 4/11

Эчки-Башы айылында республикалык семинар өткөрүү үчүн уюштуруу иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Тажрыйба алмашуу боюнча Эчки-Башы айылында 4.11.2021-жылы республикалык семинар өткөрүү үчүн уюштуруу иштерине 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүү максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эчки-Башы айылында өткөрүлүүчү республикалык семинардын уюштуруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев