Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы

2021-жылдын 10-декабры № 5/4

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланышы боюнча отчетун угуу жөнүндө

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин завучу А. Султаналиеванын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/4 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин завучу         А. Султаналиеванын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.

2. Мектептин ашканасынын оңдоп-түзөө иштерине 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жагы белгиленсин.

3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев