Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы

2021-жылдын 10-декабры № 5/8

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчетун угуу жөнүндө

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Абдылда-Ата”,  “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана  Б.Мамытовалардын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетторун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/8 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Абдылда-Ата”,  “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана  Б.Мамытовалардын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчеттору “канааттандырарлык” деп табылсын.

2. “Абдылда-Ата”,  “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана  Б.Мамытоваларга электр энергиясын үнөмдөө максатында жарык берүүчү лампаларды диоддук лампаларга алмаштыруу  жагы милдеттендирилсин.

3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев