Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы

2021-жылдын 10-декабры № 5/9

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы “М-1” каналын оңдоп-түзөө иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы “М-1” каналына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн өздүк салым кошуу максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эчки-Башы айылындагы “М-1” каналынына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн өздүк салым катары Он-Арча айыл аймагынын бюджетинен 30 (отуз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев