Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы

2021-жылдын 10-декабры № 5/11

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылынын тургуну Кыдыров Асылбек Токтомушевичтин арызынын негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  коллегиясынын заседаниесинин 26.11. 2002-жылдагы №33 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылынын тургуну Кыдыров Асылбек Токтомушевичтин арызын канааттандыруу максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  коллегиясынын заседаниесинин 26.11. 2002-жылдагы №33 токтомуна ылайык Эчки-Башы айылындагы С.Бирназар уулу №41 дарегиндеги 0,25 га огород жери Кыдыров Асылбек Токтомушевичтин жеке менчигине  бекитилип берилсин.

2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев