Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы

2021-жылдын 10-декабры № 5/13

Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндө

Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сметалык баасы 5 795 471( беш миллион жети жүз токсон беш миң төрт жүз жетимиш бир) сомдук долбоорду өткөрүү максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сметалык баасы 5 795 471 ( беш миллион жети жүз токсон беш миң төрт жүз жетимиш бир) сомдук долбоор жактырылсын.

2. “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылана турган Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Байдулу” каналын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 500 000 (беш жүз миң) сом каражаты 2021-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Касымалиев