Редакцияот 20.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезексиз сессиясы

 

2022-жылдын 20-январы № 11/2

Уй-Сарай участкасындагы 2 га жана 4 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык,  Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын XI кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагындагы «Уй-Сарай» участкасындагы №4837 контурундагы 2 га,  №4960 контурундагы 4 га жайыт «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы» жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

М.Турганалиев