Редакцияот 06.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2021-жылдын 6-декабры № 36

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу "Жаңы-Жол айлындагы № 9 И.Умаров орто мектебин ремонтоо" жөнүндө

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаңы-Жол айыл башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаңы-Жол айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жол айлындагы №9 И.Умаров орто мектебин ремонттоо долбоордук сунушу бекитилсин.

2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 27%ти, 1101024 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы

Т. Өзүбеков