Редакцияот 22.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2021-жылдын 22-ноябры № 6

“Чалдыбар айылынын №15 Б.Миңбаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу” долбоорунун өздүк салымына акча каражат бөлүштүрүү жөнүндө

 Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Райышбеков Курсантбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Чалдыбар айылындагы №15 Б.Миңбаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу” долбоорунун өздүк салымына 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен 200 000 ( эки жүз миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясынын төрагасы А. Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы

Т.Нарматов