Редакцияот 06.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIX –сессиясы

 

2021-жылдын 06-декабры № 3

Үч-Малай айылындагы ФАПтын имаратын “Casa 1000” Проектисинин негизинде капиталдык ремонттон өткөрүү жана эмерек жабдууларын алып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу”мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн курулуш жана инвестиция тартуу адиси К.Рысовдун Үч-Малай айылындагы ФАПтынимаратын “Casa 1000”проектисинин негизинде капиталдык ремонттон өткөрү, жана эмерек жабдууларын алып берүү, боюнча берген сметасын угуп жана талкулапКөк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз №29-сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Үч-Малай айылындагы ФАПтынимаратын “Casa 1000”проектисинин негизинде капиталдык ремонтон өткөрү жана эмерек жабдууларын алып берүү боюнча түзүлгөн сметасы бекитилсин.

2. Түзүлгөн смета боюнча иш алып баруу жана көзөмөлгө алуу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн курулуш жана инвестиция тартуу боюнча адиси К.Рысовко милдеттендирилсин.

3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.myl.ru расмий сайытына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Раимбековага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кенешинин төрөгасы

С.Жуманазаров