Редакцияот 06.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIX -сессиясы

 

2021-жылдын 06-декабры № 4

 Жалгыз-Жаңгак айылындагы  ФАПка “Casa 1000” Проектисинин негизинде эмерек жабдууларын алып берүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу”мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн курулуш жана инвестиция тартуу боюнча адиси К.Рысовдун Жалгыз-Жаңгак  айылындагы ФАПка “Casa 1000”проектисинин  негизинде эмерек жабдууларды алып берүү боюнча берген сметасын угуп жана талкулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз №29-сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы ФАПка “Casa 1000” проектисинин негизинде эмерек жабдууларын алып берүү боюнча түзүлгөн сметасы бекитилсин.

2. Түзүлгөн смета боюнча иш алып баруу жана көзөмөлгө алуу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн курулуш жана инвестиция тартуу боюнча адиси К.Рысовко милдеттендирилсин.

3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  kugart.my1.ru  расмий сайтынажарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Раимбековага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кенешинин төрөгасы

С.Жуманазаров