Редакцияот 14.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-февралы № 4

Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2020-жылдын 14-февралындагы болуп откон VII-чакырылышынын 2- сессиясында Өзгөрүш айыл аймагындагы көчөлөрдү жана карьерлерди ирээтке келтирүү жана Сары- Куурай конушундагы иштен чыгып калган бетон алкактарды казып алуу боюнча К. Шадыкановдун кайрылуусун угуп, талкуулап чыгып Өзгөрүш айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөрүш айыл аймагындагы көчөлөрдү жана карьерлерди ирээтке келтирүү жана Сары- Куурай конушундагы иштен чыгып калган бетон алкактарды казып алуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
  2. Иштерди жүргүзүү үчүн ЖКХдан 75,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Төлөшовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А.Атамбеков