Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз бешинчи кезектүү кеңешмесинин токтому

2021-жылдын 26-январы № 180

Күн тартибиндеги маселелердин негизинде айыл аймагындагы жайыт комитетинин төрагасынын,АВПнын жетекчисинин,МТСтин жетекчисинин жана мектеп, бала бакча директорлорунун 2020-жылда аткарган иштеринин маалыматын угуп жана талкуулап, Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз бешинчи кезектүү кеңешмеси токтом кылат:

1. Айыл аймагындагы А.Эшалиева,Д.Молдоярова бала бакчаларынын башчысынын жана А.Оторбаев,Б.Жанузаков атындагы орто мектебинин директорлорунун 2020-жылда аткарган иштери канааттандырылсын.

2. МТСтин жетекчисинин 2020-жылда аткарган иштери канааттандырылсын.

3. Жайыт комитетинин төрагасынын 2020-жылда аткарган иштери канааттандырылсын.

4. АВПнын жетекчисинин 2020-жылда аткарган иштери канааттандырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Кеңештин төрагасы:

У.Алмолдоев