Редакцияот 09.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз алтынчы кезектүү кеңешмесинин токтому

2021-жылдын 9-февраль № 184

Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Манас айылынын тургуну Кожоналиев Бердигулдун жазган арызын карап талкуулап чыгып, Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз алтынчы кезектүү кеңешмеси токтом кылат:

 

1. Манас айылынын тургуну Кожоналиев Бердигулдун жазган арызынын негизинде «Назар» сарайынын өйдө жагындагы күнгөй беттеги таш короого сарай салуу жөнүндө 2010-жылы чыккан кенештин токтому жаныртылып берилсин.

2. Тиешелүү иш кагадарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага:

У.Алмолдоев