Редакцияот 30.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2021-жылдын 30-январы № 1/6

Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылына “Жер компаниясы”ЖЧК арызы боюнча

Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевке бул арыздын негизинде жердин багытын эске алып башкача айтканда жеке менчик же муниципалдык менчик жер тилкеси жөнүндө тактап, депутаттардын сунуш-пикирин эске алып мыйзам чегинде иш алынып барылсын;

2. Күнтуу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Калыгуловко мыйзам чегинде бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын;

3. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрагасы

У. Астаркулов