Редакцияот 30.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз I сессиясы

2021-жылдын 30-январы № 1/7

Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылына социалдык объектиге куран үйрөнүү борборун салуу боюнча

Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шалта айылындагы жайгашкан эски мектептин ордуна донорлордун эсебинен куран үйрөнүү борбору салынсын;

2. Шалта айылынын айыл башчысы бул иш-чараны толук көзмөлгө алсын;

3. Күнтуу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Калыгуловко мыйзам чегинде бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын;

4. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg  сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрагасы

У. Астаркулов