Редакцияот 30.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз I сессиясы 

2021-жылдын 30-январы № 1/8

Күнтуу айылдык Кеңешинин нормативдик ченемдик актылары боюнча

Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айылдык Кеңешинин баардык иш кагаздары Кыргыз Республикасынын нормативдик ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн;

2. Жооптуу катчы Э.Тайгараева бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын;

3. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg  сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрагасы

У. Астаркулов