Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2021-жылдын 04-мартындагы № 1/10

Күнтуу айыл аймагындагы турак-жай салуу үчүн 31-гектар жер аянтына демөөрчүлөр менен иш алып баруу боюнча

Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл аймагындагы 31-гектар турак жай курулуш багытындагы колдонууга берилүүчү жер тилкесине, жергиликтүү жамааттын өкүлү Корголдоев Таалайбек Ишенбековичке, тийиштүү демөөрчүлөр менен иш алып баруусу тапшырылсын;

2. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрагасы

А. Ахматалиев