Редакцияот 14/01/2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

27 чакырылыштын 31 сессиясы

 

2021-жылдын 14-январы № 31-27/13

«Жерди өткөрүү жөнүндө»

Сокулук райондук комиссиясынын 2020-жылдын 25 декабырындагы жер тилкелерин өткөрүп берүү боюнча корутундусунун  негизинде, аянты 0,8 га болгон №464 контурундагы (башка жерлер) "Жер жана айыл чарба багыттары" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери энергетика, коргонуу жана башка максаттар", категориясына которуу үчүн берилген жер участогунун  материалдарын  карап чыгып,

Жаны-Жер айылдык кенешинин сессиясы:

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Аянты 0,8 га болгон №464 контурундагы  (башка жерлер) "Жер жана айыл чарба багыттары" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери энергетика, коргонуу жана башка максаттар", категориясына которууга  уруксаат  берилсин.

2.  Жаны-Жер айыл өкмөтү жерге жайгаштыруу ишин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтсүн.

 

Жаны-Жер айыл кеңешинин төрагасы

А. Бердигулов