Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Отуз жетинчи кезексиз сессия

2021-жылдын 10-марты № 182/XXXVII-27

Тарифти бекитүү жөнүндө

Люксембург айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын А.Каркеновдун жайыт жерлеринин башка максаттар үчүн ижаралык наркынын тарифин бекитүү  жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт жерлеринин пайдалануунун тарифи бекитилсин:

- мал жаюу менен байланышпаган башка максаттар үчүн 1 чарчы метр  300сомго ;

- жайыт кыртышы бузулбаган  көмөкчү чарба үчүн   0,01 га 500 сомго.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы  А.Каркеновго  жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы

 

А.Кожонов