Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII чакыруунун 34-кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № 5

«Фрунзе айыл аймагында 2018-2022-жылдары стратегиялык  планга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башкы адиси Г.А.Худайбергенованын Фрунзе айылдык кеңешинин  31.01.2018-ж. №7 кабыл алынган чечиминин негизинде 2018-2022-жылдардары стратегиялык планга өзгөртүү киргизүү керектиги жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Инвестициялык планга «Фрунзе айыл аймагынын 2018-2022-ж. стратегиялык планынын», «билим берүү» бөлүгүнө «Фрунзе №1 гимназиялык орто мектебине сыртка ажаткана куруу» бөлүмү киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.

 

Төрага

К.О.Токоев