Редакцияот 18.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Фрунзе айылдык кеңешинин XXVIII чакыруунун 37 кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 18-июну №19

«Жеке үй куруу жер тилкесин бөлүү боюнча»

Фрунзе айылынын Строительная 12/2 көчөсүнүн жашоочусу Бутунчиев А.Дж жазган арызы боюнча Фрунзе айылдык кеңешинин төрөгасы К.О. Токоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковго Фрунзе айылынын жашоочусу 1988-жылы туулган Бутунчиев Айдан Джумагуловичге жеке үй курууга жер тилкесин кезексиз бөлүп берүү боюнча өтүнүч жазалсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.О. Токоев