Редакцияот 05.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Фрунзе айылдык кеңешинин XXVIII чакыруунун 40 кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 05-ноябры № 23

«Акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө»

Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковдун Комсомол айылынын жаңы конушуна тирөөчтөрдү, электр зымдарын, өтмөктөрдү жана изоляторлорду сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен тирөөчтөрдү, электр зымдарын, өтмөктөрдү жана изоляторлорду сатып алууга 90000 (токсон миң) сом акча каражат бөлүнсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары Б. Байысбек уулуна жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

К.О. Токоев