Редакцияот 26.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Фрунзе айылдык кеңешинин XXVIII чакыруунун 41 кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 26-ноябры № 28

“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин лоттордун тизмесин бекитүү жөнүндө”

Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай коммуналдык чарба абоюнча башкы адис Б.Н.Назарованын Фрунзе айыл өкмөтүнүн аянты 32,93 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарадагы мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу лоттордун тизмесин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Фрунзе айылдык окргугундагы аянты 32,93 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарадагы мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукционго чыгаруу үчүн лоттордун тизмеси бекитилсин:

Лот №1 контур -259, аянты -10,0 га, сугат жер Студент а.

Лот №2 контур -261, аянты -5,43 га, сугат жер (присельный)

Лот №3 контур -43, аянты -3,5 га, сугат жер (присельный)

Лот №4 контур -261, аянты -10,0 га, сугат жер (присельный)

Лот №5 контур -30, аянты -4,0 га, сугат жер Студент а.

2.    Ижара мөөнөтү 5 жыл.

3.    Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.О. Токоев