Редакцияот 26.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакыруунун 41 кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 26-ноябры № 29

“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин кепилдик төлөмүнүн, аукциондун арымынын жана баштапкы ижара акысынын өлчөмүндөрүн бекитүү жөнүндө”

Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай коммуналдык чарба абоюнча башкы адис Б.Н.Назарованын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин кепилдик төлөмүнүн, аукциондун арымынын жана баштапкы ижара акысынын өлчөмүндөрүн бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аукциондун арымынын өлчөмүн бекитилсин:

Сугат жер 600 сом

Кайрак жер 300 сом

2. 1 гектар жерге 900 сом кепилдик төлөмү бекитилсин

3. Баштапкы ижара акысынын өлчөмү бекитилсин

Сугат жер 3000 сом – 1 гектарга

Кайрак жер 1500 сом – 1 гектарга

4. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.О. Токоев