Редакцияот 16.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакыруунун 44 кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 16-декабры № 36

“Акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө”

Фрунзе айыл өкмөтүнүн социалдык жана маданий маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ч.Т.Бердикулованын Озерное айылындагы Клубная көчөсүнүн №3/1 үйдүн тургуну Р.Джузумалиевага  материалдык жардам берүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап  Фрунзе айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен Озерное айылындагы Клубная көчөсүнүн №3/1 үйдүн тургуну Р.Джузумалиевага дарыланууга материалдык жардам берүү үчүн 15000 (он беш миң) сом акча каражат бөлүнсүн. 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.

 

Төрага

К.О.Токоев