Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2006-жылдын 3-августу ПЖ № 410

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

             Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

            суу-энергетикалык саясат боюнча Улуттук кењешти

                             жоюу жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  суу-энергетикалык  ресурстарын сарамжалдуу

пайдалануу боюнча маселелерди карап чыгууну тартипке салуу, суу-энерге-

тикалык  мамилелерди  тезарада  чечүү жана консультациялык жана кењешүү

органдарынын ишиндеги функциялардын кайталанышын жоюу максатында токтом

кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  суу-энергетикалык

саясат боюнча Улуттук кењеш жоюлсун.

     2 Жоюлуп  жаткан  Кыргыз  Республикасынын  Президентине   караштуу

суу-энергетикалык  саясат  боюнча  Улуттук  кењештин бардык функциялары

"Суу боюнча улуттук кењеш  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн

2006-жылдын 3-февралындагы № 64 токтому менен түзүлгөн Суу боюнча улут-

тук кењешке өткөрүп берилсин.

     3. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирсин.

     4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

     - "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  суу-энергетикалык

саясат боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 174 Жарлыгы;

     - "Кыргыз  Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык

саясат боюнча Улуттук кењештин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 185 Жарлыгы;

     - "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  суу-энергетикалык

саясат боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президенти-

нин  2006-жылдын  17-апрелиндеги   Жарлыгына   өзгөртүүлөрдү   киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы №

351 Жарлыгы.

     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин  Администрациясынын  стратегиялык  өнүктүрүү

жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

     6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын

     Президенти                                           К.Бакиев