Редакцияот 04.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы

 

2022-жылдын 4-марты № 4

Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө

Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата сметасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата тарифи төмөндө көрсөтүлгөндөй бекитилсин:

а) Каргалык айылдык кеңешинин 30.12.2021-жылдагы кезектеги VI сессиясынын №59 токтому;

б) Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) 09.04.2021-жылдагы кезектеги ХХХVIII сессиясынын №14 токтому;

в) Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) 15.05.2020-жылдагы кезектеги ХХХII сессиясынын №26 токтому күчүндө калтырылсын.

г) “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы Казарман айылындагы тургундардын короосунан “ГАЗ-53” жана “МТЗ-82.1” маркасындагы техникалары менен таштандыларды өзү жүктөп таштанды топтоочу жайга төгүү үчүн кызмат көрсөтүү акысы - 1500 сом, ал эми Казарман айылынан сыртка алып чыгуу маселеси жаралган учурларда келишимдик баада белгиленсин.

4. Бул токтомдо көрсөтүлгөн тарифтердин деңгээлин кармап аткаруу жагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.

7. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.И.Токтоболотов

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын №4-токтомуна  1- тиркеме 4-март, 2022-жыл

 

 "Макулдашылды"                                                                                                      "Бекитемин"

Каргалык айыл аймагынын                                                                                      Каргалык айылдык

айыл өкмөтүнүн башчысы                                                                                         кеңешинин төрагасы

_______________Э.Артыкбаев.                                                                    _____________Т.Токтоболотов.

«___»___________20___ж                                                                        «___»___________20___ж    

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Кызмат”муниципалдык ишканасынын 2022-2024 жылга карата иш планы.

 

Жазалуучу иштер

Аткарылышы

Иш пландын аталышы

Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Кызмат”муниципалдык ишканасынын  2022-2024 жылга карата программасы

 

 

 

Иш планды иштеп чыгуу үчүн негиз

«Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-2024-жылга » программасы жөнүндө» АКнын токтому  

№4 «4» март 2022-жыл

 

 

Иш пландын муниципалдык кардары

Каргалык айылдык кенеши жана айыл өкмөтү

 

Иш планды иштеп чыгуучу

Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын 2014-жылдын  14-февралындагы №5 уставынын негизинде.

 

Иш пландын иш-чараларын аткаруучулар

 «Таза кызмат» муниципалдык ишканасы;

 

«Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын милдеттери

  1. Муниципалдык ишкананын ишмердуулугун негизи: айыл аймагындагы калктуу пункттарда жана аймактарда жашылдандыруу, корктондуруу, ирригациялык системаларды калыбына келтируу, козомолдоо, элди таза суу менен камсыз кылуу, коомдук жайлардын тазалыгын сактоо, жол жана аллея, парктарды калыбына келтируу, ондоо, эс алуу учун элге экологиялык таза ынгайлуу шарттарды тузуу, каргалык айыл окмотунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын, айыл чарба багытындагы ишмердуулугун жакшыртууга комок корсотуу, элге кызмат кылуу.
  2. “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасын уюштуруу максаты: Озунун ишмердуулугунун негизинде коомдук керектоолорду канааттандыруу учун кызмат корсотуу, экономикалык рентабелдуу ишмердуулук жургузуу менен киреше табуу, муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мулкторду, каражаттарды аяр,  максаттуу пайдалануу.  
  3. Таштанды чогулучу жайларды аныктоо жана аларды чыгарып турууну дайыма жүзөгө ашыруу.
  4. Айылдардын ичинде тазалыкты сактоо, күнүмдүк-тиричилик таштандыларын чыгаруу.
  5. айылдардын ичин көрктөндүрүү, жашылдандыруу.
  6. Арык жана айылдын ирригациялык системасын оңдоо, курулуш иштерин жургузуу жана калыбына келтирүү.
  7. Айыл өкмөтүнө тиешелүү суу каналдарын куруу, ремонттоо, тазалоо.
  8. Көчөлөрдү, коомдук жайларды жарыктандыруу.
  9. Парк, аллея жана эс алуучу жайларды калыбына келтирүү, уюштуруу жана анын тазалыгын сактоо.
  10. Айылдардын экологиялык-таза ыңгайлуу жашоо шарттарын уюштуруу.
  11. Көп жылдык бак-дарактарды, өсүмдүктөрдү тигүү.
  12. Кургаган бак-дарактарды кыркуу, элдин керектөөлөрү үчүн пайдалануу, аларды тилдирүү жана сатуу.
  13. Көп жылдык бак-дарак , бадал жана гүл өсүмдүктөрүн өстүрүү, аларды тигүү жана аларды өстүрүп кароодо жергиликтүү айыл тургундарына көмөк көрсөтүү.
  14. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо.
  15. Чарбалык субьектилерди уюштуруу, түзүү.
  16. Айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү, өстүрүү, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү
  17. Мал чарбачылыгы боюнча субьектилерди ачуу, иштетүү.
  18. Айыл чарба техникалары менен жер айдоо, үрөн себүү, чөп чабуу, эгин жыйноо боюнча кызмат көрсөтүү.
  19. Автомобиль жана башка техникалар, механизимдер менен кызмат көрсөтүү.
  20. Бирдей шартта юридикалык жана физикалык жактарга акылуу кызмат көрсөтүү
  21. Акылуу транспорттук кызмат көрсөтүү.
  22.  Таштандыларды кайра иштетүү боюнча мини-комбинаттарды уюштуруу.
  23. Курулуш материалдарын өндүрүп чыгуу үчүн ишканаларды ачуу, иштетүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү ишканаларды, тегирмендерди ачуу, иштетүү, тактай тилүүчү жана жыгач иштетүүчү цехтерди жана башка социалдык-обьектилерди уюштуруу, куруу.
  24. Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Жер кодексинин" талаптарына ылайык жер үстүндөгү курулуш материалдарын (шагыл, топурак, таш ж.б) казып алуу, сатуу ж.б. ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу.
  25. Муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүдө, активдердин амортизациясын эске алуу менен кеткен чыгымдарды толук калыбына келтирүү.
  26. Жергиликтүү жана эл аралык коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар менен финансы каражаттарын тартуу, гранттык жардам алуу.
  27. Чарбачылык укугу менен өткөрүлүп берилген мүлктү  сактоо, жаңыртуу жана муниципалдык менчикти калыптандыруу.
  28. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ишмердикти ишке ашыруу.

 

 

 

 

2022-2024 жылдар аралыгында аткарылуучу иштер.

  1. “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасына керектелүүчү техникаларды алуу.
  2. “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасынын, кызматкерлерин бирдиктүү форма жана  техникаларын  логотип менен камсыз кылуу.
  3. “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин керектелүүчү курал-жарактар менен камсыз кылуу.
  4. Каргалык айыл аймагынан тышкары башка айыл өкмөттөрү менен кызматташууну кеңейтүү.
  5.  Парк жана эс алуучу жайларды калыбына келтирүүнү.
  6. Ички аллеяны оңдоо.
  7. Кардарларды электрондук система менен тейлөөгө өтүү.
  8. Брусчатка, Бордюр чыгаруучу станок орнотуу
  9. Атайын мусор салынуучу урналарды проект аркылуу алып келүү.
  10. Автомобилдерди дезинвекция кылуучу яма
  11. Макулатура, пластик ж.б таштандыларды кабыл алуучу пункт ачуу.
  12. Көрктөндүрү-жашылдандыруу үчүн теплиса ачуу.
  13. Калк менен  маалымат алмаштыруу жаатында иш алып баруу.
  14. Тургундардын коопсуздугун алдын алуу максатында көчөлөрдү жарыктандыруу.
  15. Тагай участкасындагы палигонго кароолчу үчүн көчмө бутка орнотуу.
  16. "Таза Кызмат" муниципалдык ишканасына тиешелүү жерлерге онлайн камера орноту.
  17. Тазалык боюнча жаштарга жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзү.

 

 

Каржылоонун булактары

Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү бюджети Республикалык бюджет

Гранттар

Демөөрчүлүк салымдар

Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатар.

 

Иш пландын аткарылышын контролдоону уюштуруу системасы

Максаттуу программанын аткарылышын контролдоо мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык Каргалык айылдык кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.

Каргалык айыл өкмөтү программаны ишке ашыруу аркылуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана максаттуу индикаторлордун бекитилген маанилерин камсыз кылууга жооптуу.

Максаттуу программанын аткарылышы жөнүндө отчетторду, анын ичинде аларды ишке ашыруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды "Таза Кызмат" муниципалдык ишканасынын жетекчиси берет.

 

 

"Таза Кызмат" муниципалдык ишканасынын директору:

М.А. Казиев