Редакцияот 27.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

айылдык кеңештин XXVIII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2022-жылдын 27-апрели № 40

Биринчи Май айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-августундагы № 110 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Биринчи Май айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-августундагы № 110 “Жер участогун муниципалдык менчикке берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселени угуп, талкуулап, Биринчи Май айылдык кеңешинин сессиясынын, -

ЧЕЧИМИ:

1. Биринчи Май айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 20-августундагы № 110 “Биринчи Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

-Спорт комплексин куруу үчүн Биринчи Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан жер тилкеси берилсин, дареги менен: Ак-Суу а., Логвиненко көчөсү № н/ж (Логвиненко көч. №51 батыш тарабында) жалпы аянты 11798,7 кв.м.

2. Биринчи Май айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Москва районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалына бекитилип берилген тилкеге ​​документтерди берсин;

3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевге милдеттендирилсин.

 

Биринчи Май айылдык кеңешинин төрагасы

Н.И. Акматалиев