Редакцияот 27.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

айылдык кеңештин XXVIII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2022-жылдын 27-апрели № 41

Биринчи Май айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022 жылы 15 мартын № 01-22/44 буйругунун негизинде Биринчи Маск айылдык кеңешинин иш Регламентин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, уюштуруу-укуктук негиздерин жана алардын ишин, Биринчи Май айылдык Кеңешинин сессиясын бекитүү, -

Чечими:

1. Биринчи май айылдык кеңешинин иш Регламенти өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевге милдеттендирилсин.

 

Биринчи Май айылдык кеңешинин төрагасы

Н.И. Акматалиев