Редакцияот 27.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

айылдык кеңештин XXVIII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2022-жылдын 27-апрели № 43

айылдык кеңештин XXVIII чакырылышынын XIII сессиясы

«Жаңылык» ишканасынын директор Р.Алишеровдун ичүүчү суунун тарифтерин бекитүү жөнүндө катын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясынын, -

Чечими:

1. Жеке жактардан 1 м3 ичүүчү сууга тариф бир кишиге - 60,0 сомдон бекитилсин.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевге милдеттендирилсин.

 

Биринчи Май айылдык кеңешинин төрагасы

Н.И. Акматалиев