Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 11-сессиясы

 

2022-жылдын 12-январы № 11/4

«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн 2022- жылга жыйымдын ставкасы жана эсеби жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы жана эсеби жөнүндө Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жыл башында 520 түтүн бар. Анын ичинен 57 майып 1-2 топтогу, 32- бала кезинен майып, 5 ДЦП- балдар баккан, 51 баатыр эне, 4 Авган жана 4 Баткен коогаланынын катышуучулары , 142 социалдык жана материалдык жактан муктаж болгондор тазалык жыйымынан бошотулсун.

2. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын түтүн башына-100 (бир жуз) сом болуп бекитилсин жана 2022-жылга 225 түтүндөн 22500 (Жыйырма эки мин беш жүз) сом болуп, 2022- жылдын 1-октябрь айына чейин бюджетке өндүрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы Ж. Турганбаевага  тапшырылсын.

 

Төрага:

С. Кадырбеков